Ирина Карамушкина сүйлөп жатканда Төрага микрофонду өчүртүп салды

4 993

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутат Ирина Карамушкинанын микрофонун өчүртүп салды.

Ага чейин Карамушкина Кыргызстанда коронавирустун очогу Меккеден келгендерден тарады деп билдирүү жасаган. Мындан улам үч депутат Карамушкинанын айткандарын кескин сындап, адамдын динине жана улутуна карата бөлбөө керектигин эсскертип, төрагага кайрылышкан.

Карамушкина ортодогу процедуралык микрофондон сөз алып, кесиптештерине “кандай сүйлөйм өзүм билем, мен дагы силердей болуп шайлоочулардын атынан сүйлөп жатам” деп жооп берип жатканда, төрага Дастанбек Жумабеков бул процедуралык маселе эмес деп микрофонду өчүртүп койду.

Комментарии

  1. Коромушкина Парламентте эрке депутат болдуго
    .Эч ким ага каршы суйлой албайт же токтото албайт. Каалаганын суйлойт Кыргыздын намысына шек келтируучу канча деген создорду суйлойт. Ким токтотту аны айткылачы депутаттр. ЭЧ КИМ!!!

    • Туура, динге асылбаш керек. Ал коронавирус эртели кечби келет болчу. Ал Меккеден башталган жокта, Ухань шаарынан башталганда. Умрадан келгендерден кийинделе Франциядан, Турциядан, Россия дан жана башка олколордон келгендерден деле чыктыго коронавирус.

  2. Төрага молодец эң туура кылган динге эмне үчүн асылат бул айым өчүрүп салып туура кылыптыр

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь