Абылгазиев: Калк жыш жайгашкан Бишкек, Ош шаарында дагы деле абал кооптуу

278

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча  маалымат берип, айрым аймактарда өзгөчө абал режимин дагы 10 күнгө узартуу зарылчылыгына токтолду.

Анын айтымында калк жыш жайгашкан Бишкек, Ош шаарында дагы деле абал кооптуу. Өкмөт башчы Германиянын тажрыйбасын эске алып, экономиканы алга сүрөгөн жана контакт азыраак болгон айрым  тармактарга иштөөгө уруксат берилип жатканын белгиледи.

Биздин бул сунушубузду Коопсуздук кеңеши да колдоп берди. Сиздер да колдоп беришиңиздерди өтүнөм. Ооба, күнүмдүк тапкан акчасы менен жашаган жарандарды кармай албайбыз. Ошондуктан   карантинден акырындык менен бошотолу деп, экономикалык тармактагы бир нече ишканаларды кое берели деп жатабыз”, -деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы депозиттик эсепке  түшкөн 135  млн сом тууралуу да маалымат берип, каражат ооруга каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлердин айлыгына кошумча катары берилерин айтты.  Муну менен катар бюджеттен да 120 млн сом кошумча каражат бөлүп берүү каралууда деди ал. Ошондой эле каражат тартуу боюнча эл аралык донолор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.  “Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алардан  56 млн доллардын  тегерегинде каржы алынып, ага медициналык каражаттар, дары-дармектер камсыздалмакчы”,- деди Премьер-министр М.Абылгазииев.

Премьер-министрдин ырасташынча вирусту 90% туура аныктап бере алчу ПЦР тесттерге байланыштуу маселе чечилген. Учурда вирус бар же жок экени бир күнгө жетпей аныкталып, анализдердин жыйынтыгы чыгууда.  “Буга чейин  123 000 экспресс тест алынды. Анын 66 миңдейи колдонулду.     82 миң ПЦР тест сатылып алынып, азыр бул боюнча маселе жок. Башында  бул тесттер даяр болбой,  ошого көңүл  бурулбай жооптуу кызматкерлер кызматынан кеткен”,-деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь