Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 3-июлга чейин УКМКнын тергөө жайына камакта калтырылды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаеванын бөгөт чарасын аныктап, экөөнүн тең камактагы мөөнөтүн эки айга узартты.
2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.
Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатат.