Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, эл өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүшүүдө.
Алсак депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарында коюлган блок-посттор качан алынарына кызыкты. Буга Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жооп берип: “1-майга караган түнү саат 24:00дөн баштап бардык блок-посттор алынып, жөө жана автопотрулдар калат”,– деди. “Андай болсо электрондук пропуск берүүнүн зарылчылыгы кандай? Маселен такси кызматын аткарган жарандарыбыз пропуск алууга кантип жетишет?” – деген суроо салды. Өкмөт өкүлү бардык талаптарга жооп беришсе, пропуск тез арада берилерин белгиледи.
Бирок Дастан Бекешев чечимдер ортосунда логикалык карама-каршылыктар бар экенин билдирип, Өкмөт уруксат берүү чараларын кайрадан карап чыгуусу керектигин кошумчалады. “Эмнеге унаа оңдоочу жайлар иштейт? А унаа базарлары ачылбайт…”, – деп жүйө келтирди депутат.
Ошондой эле эл өкүлү дары-дармектин баасы кымбаттап кеткенине токтолуп, бул жаатта да тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин айтты.