Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандарга 1324 орун даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Кубанычбек Калмаматов билдирди.
Орундардын ичинен COVID-19 илдетинин оор түрү үчүн 153 интенсивдүү койка бар.
Облустардагы орундардын саны (кашаанын ичинде интенсивдүү терапия үчүн даярдалган орундардын саны көрсөтүлдү):
- Бишкек шаарында 204 (32) орун;
- Ош облусунда 475 (55) орун;
- Жалал-Абад облусунда 260 (12) орун;
- Баткен облусунда 114 (20) орун;
- Нарын облусунда 95 (15) орун;
- Ысык-Көл облусунда 176 (19) орун.
Ошондой эле 823 резервдик койка-орундук даярдалган.