Нур-Султанда 4 жашар кызды апасынын сүйлөшкөн жигити аёосуз сабап салган (видео)

864

Нур-Султан шаарында эркек киши тил укпагандыгы үчүн 4 жашар кызды аёосуз сабап салган. Окуя мындан бир жума мурда катталды. Ал күнү апасы Виктория үйгө келип жарым жан болуп сабалып жаткан кызын көргөн.

Аныкталгандай, жаш кызды апасы менен мамиледе болуп жүргөн 46 жаштагы спортчу уруп-соккон. Ал буга чейин олуттуу мамиледе болгусу келгенин айтып, кыз аны нарситеси менен тааныштыруусун айтып жүргөн.

Кызга зомбулук көрсөткөн киши күнөөсүн мойнуна алган эмес, кыз кулап кеткен деп актанган.

Кызым кулап кеткен эмес, кийин балам аны кантип сабаганын, таяк менен урганын айтып берди. Бул окуяга эч ишене албай, таң калып турам“,-дейт Виктория.

Кылмышка шектелген жаран кармалып, ал 1974-жылы туулган Нур-Султандын жашоочусу экени аныкталды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди, топтолгон материалдар сотко жиберилет.

Эгерде эркек кишинин күнөөсү аныкталса жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь