Ошто милициянын аялы коронавирус боюнча жашыруун маалыматты таратып жиберген

833

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жооптуу кызматкеринин аялы жашыруун маалыматтарды социалдык тармакка таратып жиберген. Бул тууралуу Kaktus.media күч структуларына таянып жазды.

Мыйзамга ылайык, коронавирус жуктурган же алар менен байланышкан адамдардын жеке маалыматтарын ачык чыгарууга эч кимдин укугу жок. Бирок соцтармактарда белгисиз адамдар коронавирусту жуктургандардын жеке маалыматтарын жайылткан.

Маалымат тараткан булакты издөөнүн натыйжасында, милиция кызматкеринин аялы интернетке чыгарганы анык болду.

Буга чейин милиционерге байланышта болгон тарапты аныктоо үчүн коронавируска кабылган бейтаптардын тизмеси берилген. Ал аялына тизмедегилерди көрсөткөн, кийинчирээк аны жубайы мессенджерге тараткан.

Аталган факт “Жеке турмушту бузуу” беренеси боюнча каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Милиционер өзүнүн тааныштарын салып бул ишти жабууга аракет кылып жатканы айтылат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь