Партиялар азык-түлүк менен кошо логотибин таратып мыйзамды одоно бузуп жатат

263

Саясий партиялардын бири өзүнүн логтиби менен азык-түлүк тараткан. Бул шайлоо мыйзамын гана эмес, Кылмыш-жаза кодексин дагы одоно бузуу болуп саналат дейт БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева.

Анын айтымында, тергөө жүргүзүп, “Биримдик партиясынын” үгүтчүлөрү чындап эле азык-түлүк баштыктарын таркаткандыгын аныкташ керек. Ошондой эле бул окуяга укук коргоо органдары дагы сөсүз көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Өзгөчө абал маалында шайлоо кампаниясы токтотулгандыктан, үгүттөө иштери менен алектенүүгө уруксат берилбейт. Бул боюнча бардык партияларга эскертүүлөр берилгенин кошумчалады Джурабаева.

Мындан тышкары “Бирик” партиясы дагы Ош шаарында үгүттөө жүргүзуп жатканын БШКнын башка мүчөсү Атыр Абдрахматова тастыктады.

Эске салсак, 12-апрелде Ош,Каракол, Балыкчы, Майлы-Суу, Токмокто жана 25 айылдык кеңеште шайлоо өтмөк.

Булак: 24кж

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь