Тажикстанда коронавирус жуктурган 15 учур катталды. Маалыматка ылайык, 10 учур Худжандда, 5 учур Душанбеден чыккан.
Бул тууралуу расмий маалымат Тажисктандын премьер-министри Кохир Расулзоданын катышуусунда өткөн Республикалык штабдын ыкчам отурумунда айтылды. 2 миңдей адам COVID-19 вирусуна шектелип, көзөмөлгө алынганы жыйында маалымдалды.
Тажикстан ушул күндөргө чейин коронавирус такыр катталбаган мамлекеттердин катарында болчу. Бирок пневмониядан каза болгондордун саны өскөн.