Түндүк Осетияда массалык митингтен кийин коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү (Видео)

1 252

Түндүк Осетиянын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бир күндө 148 адам коронавирус жуктурганын билдирди. Анын себебин митинг менен байланыштырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 20-апрель күнү Түндүк Осетияда өкмөт башчыны кетирүү талабын коюп жана карантинге каршы “Владикавказ” борбордук аянтына 2000ден ашык адам митингге чыккан. Ошол эле күнү коронавирус менен ооругандардын саны 145тен 549га көтөрүлгөн. Муну менен инфекция жуккандардын саны 13%дан 37%га чейин өскөн.

“Митингге катышкандардын бирөөсү дагы беткап тагынып, коргонбогон эмес. Мындан улам элдер массалык турдө вирусту жугузган”, – деп ачууланды санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысынын орун басары Зарема Каболова.

“Бир эле адам ооруса, ошол жердегилердин баарына жуктурууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми 2000 кишинин 10%ы эле ооруса, ооруканаларда орун жетишпей калат. Адамдар медициналык жардам келгенче эле каза табышат”, – деди Республикалык оорукананын башчысы Астан Митциев.

Ал эми пикетке чыккандардын 50гө жакыны 15 күнгө чейин административдик камакка алынды. Ошондой эле 13 укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук колдонулгандыгы боюнча кылмыш ишин беш адамга козгоду.

 

 

 

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь