Бардык жарандарга акчалай жардам берүү боюнча Кыргызстандын бюджетинде мүмкүнчүлүк жок деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында .
Депутат Максат Сабиров Кыргызстанда да башка мамлекеттер сыяктуу элге азык-түлүк менен эмес, накталай акча берилсе болмок, мында да бизнес болуп жатат деген пикирин билдирди.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгази каржынын тартыштыгына байланыштуу элге азык-түлүк катары жардам берилип жатканын белгилеп, бул экинчи жагынан карантинди сактоодо натыйжалуу болууда деди.
“Акча берилген күндө деле ал баары бир азык-түлүк алат да. Продуктуга барганда үйдө отур деген принцип бузулат. Ошондуктан биз өзүбүз жеткирип бергенибиз оң болууда”,-деп жооп берди ал.