Бүгүн, 30-апрелге караган сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май районундагы Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1981-жылы туулган Т.Р.Р. аттуу жарандын денеси күйүп, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилди.
Учурда өрттүн себеби такталып жатат.