1-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

310

Эртең, 1-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Күндүз Баткен облусунун айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Калган облустарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь