Бишкектин четиндеге Ак-Босого конушунда уурулар дүкөндү тоноп кетишти. Кылмышкерлер 15-апрелде коменданттык саат убагында ууруга киргенин жабырлануучу тарап айтып берди. Анын айтымында, уурулар темир эшикте бекитилген кулпуларды сындырып, дүкөңдүн ичиндеги терминалдагы акчаларды алып кетишкен. Мындан тышкары бир дагы тамеки калтырган эмес, кассадагы майда акчалар дагы жок болгонун белгиледи.
“Беспредел” социалдык баракчасына чыккан маалыматта, кылмыш болгондон бери 15 күн өттү, бирок милиция ууруларды таба элек.