Алматы менен Нур-Султандагы аэропорттор ички каттамдар үчүн ачылды (сүрөт)

226

Казакстандын Нур-Султан шаарына бүгүн, 1-майда Алматы шаарынан жүргүнчүлөр учуп барды. Учак кайра саат 09:40та Алматыга учуп кеткенин «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.

Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы аэропорттор 30-мартта жабылган болчу. Алардын иши 1 айдан кийин кайрадан жанданды. Жүргүнчүлөр борбор шаарга жумуштарын бүтүрүп, туугандары жана жакындары менен жолугуу үчүн барышкан.

Жүргүнчүлөр учакка отурганга чейин дене табы өлчөнүп, коронавирус жуктурбаганы тууралуу маалымат кат жана жеке коргоочу каражаттары текшерилди. Бул иш менен полиция бөлүмүнүн жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери алектенет. Ошондой эле жүргүнчүлөр аралыкты сакташы керек, бул коопсуздуктун эң башкы талаптарынын бири болуп саналат. Аэропорттордо тазалоо жана дезинфекциялоо иштери күнүнө эки жолу жүргүзүлүп жатат.

Нурсултан Назарбаев атындагы аэропорттун аткаруучу директору Даулет Хамзиндин айтымында, ишкана 1 айда чыгымга учурады, анын көлөмү аныктала элек.

«Карантинге чейин бир суткада 200дөн ашык каттам тейленчү. Ал эми карантин учурунда орточо суткасына 20 каттам болду. Биз транзиттик жана жүк ташыган каттамдарды кабыл алып, гуманитардык каттамдарды тейледик», – деди ал.

Нур-Султан менен Алматы шаарларынын ортосунда аба байланышы калыбына келтирилгенин президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. Кийинчерээк эки шаардын ортосунда бир күндө 4 каттам уюштурула турганы маалым болду.

Ал эми 4-майдан тарта Казакстандагы дагы 4 шаарда аба каттамдары жанданат.

Булак: “Баракелде”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь