Борбордун мобилдик бригадалары бир айда 7 000ден ашуун даректүү көзөмөлдөөгө барышты

332

Борбордун мобилдик бригадалары бир ай ичинде 7 000ден ашуун даректүү көзөмөлдөөгө барышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кыматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында дарыгерлер, эпидемиологдор жана лаборанттардан турган 40 мобилдик бригада чет өлкөлөрдөн келген үй карантиндеги адамдардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп скрининг-тесттерди (экспресс-тесттер, ПЦР) жазашууда.

Ал эми 40 автоунаа айдоочусу менен Бишкек мэриясы тарабынан бөлүнду. Жалпысынан 2020-жылдын 25-мартынан баштап мобилдик бригадалар 7 295 даректүү көзөмөлдөө жүргүзүп, дартты аныктоо боюнча 4552 ПЦР анализи алынды.

Учурда борбор калаанын стационарына 89 бейтап жаткырылды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь