Борис Жонсон: Улуу Британия коронавирус жуктуруунун туу чокусунан өттү

257

Улуу Британия коронавирус жуктуруунун туу чокусунан өттү. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдиргенин ВВС маалымдады.

«Биз туу чокудан өтүп, төмөн түшүп жатабыз. Тоодогу узун тоннелден өткөндөй болдук, эми алдыбыздан жарык көрүп жатабыз», – деди ал.

Анын айтымында, оору жуктуруунун деңгээли төмөндөшү карантиндик эрежелерди жеңилдетүүгө шарт түзөт. Ал күнүгө 100 миң жаранды тесттен өткөрүү дээрлик ишке ашканын кошумчалады. Жакында эле Улуу Британияда бир күндө 80 миң адамдан тест алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Улуу Британияда коронавирустан 26711 адам каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь