Бүгүнтөн тарта Ошто 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди

403

Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди:

– Өнөр жай ишканалары;
– Курулуш тармагы;
– Транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү;
– Жеке нотариустар;
– Соода-сатык тармактары Интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо; курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо; кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо; автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.
– Уюшулган такси кызматтары.

Эске салсак, белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып барышат.

Аталган тармактан өкүлдөрү уруксат алуу үчүн толук маалыматты Ош шаарынын мэриясындагы тиешелүү адистерден ала алат. Байланыш үчүн телефондор: (03222)5-64-92, 7-07-01,5-50-89.

Курулуш тармагы боюнча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге байланыша аласыздар. : (03222) 5-51-18,5-53-79

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь