«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардамдын экинчи партиясын беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 30-апрель күнү, Бишкекке Кытай Эл Республикасынан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гумжардамдын экинчи партиясы келген.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде аталган фонддор тарабынан коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде гумаинтардык жардам келген.