Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат (видео)

651

Белгилүү акын, журналист, дүйнөдөн мезгилсиз өткөн Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Коштошуу зыйнаты Ажыматовдун үйүндө, «Дордой» конушунда өтүүдө.

Ага президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, маркумдун калемдештери, коомчулук өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышууда.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь