Марс Тулегенов: “Зайырбек журналисттик ишинде да маданият тармагын көп чагылдырып жүрдү”

274

“Бүгүнкү күн абдан оор болуп турат, буга чейин Элмирбек Иманалиевди жогосток, азыр аргасыз Зайырбекти ээсине тапшырууга туура келип атат”,- дейт маркум Зайырбек Ажыматовдун сөөгүнө топурак салууга келген “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов.

“Журналистикадагы чыйырына токтолсок, чындыгында маданиятты көп чагылдырчу. Анткени өзү да ошо тармакта жүргөндүктөн маданият багытында акындар жөнүндө көптөгөн макалалар жазчу. Опера балет болобу, же башкасы болобу маданий иш-чаралардын барына аралашып жүргөнүн байкап калат элем. Журналистика тармагына келген кесиптештер адегенде көп нерсени чагылдырам деп келишет. Саясаттан баштап барын, бирок бара-бара журналисттер өз тармагын таап кетет. Зайырбек чыгармачыл жаатында жүргөндүктөн ошол жакка ооп, маданиятты көп чагылдырып жүрдү“,- дейт  Марс Тулегенов.

“Журналисттер” Коомдук Бирикмеси, белгилүү журналист жана акын Зайырбек Ажыматовдун 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын үй бүлөсү балдары жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып азасын тең бөлүштү. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь