Россиянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алды

250

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус илдетине кабылды. Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусов убактылуу өкмөт башчылык милдетти аткарат. Өлкө башчысы Влдаимир Путин Белоусовдун талапкерлигин колдоду.

“Өкмөт өз ишин штаттык режимде улантат, негизги маселелер боюнча телефон жана видеобайланыш аркылуу активдүү иш алып барайын деп пландап жатам“,- деп айтты Мишустин өзүн-өзү обочолоого кетүүнүн алдында.

Белгилей кетсек, 1-майга карата Россияда вирус жуктургандардын саны – 106 498, 1073 адам каза таап, 11 619у айыгып чыкты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь