Тажикстандын президенти коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир айлык маянасын бөлдү

212

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү эсебине которду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.

Ага ылайык, өлкө башчы өзүнүн айлыгын пандемияга каршы күрөшүүгө салымы катары, ал эми президенттин резервдик фондунан дагы 1 миллион 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча медиктердин 3 айга кошумча акы төлөмү катары бөлдүрдү.

Тажикстанда коронавирус жуктурган учурлар кечээ, 30-апрелде расмий маалымдалды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социаладык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 15 учур катталды. Алардын ичинен 10 адам Согдий облусунда, 5 адам Дүйшөмбү шаарында.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь