Өзбекстандын Сырдария областында суу сактагычта дамба жарылып айыл элин суу каптаган. Учурда жашоочулар эавкуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн ӨКМ кызматы кабарлайт.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-майдын таңында Сардобинск суу сактагычындагы дамбалардын бири жырылып, анын кесепетинен Кургантеп айылын суу каптаган.
“Куткаруучулар Кургантептин калкын убактылуу коопсуз аймакка көчүрүштү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок“,- деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Учурда суу каптоо коркунучу бар коңшу райондун айылдарында тургундарды көчүрүү иштери уланууда.
Сардобинск суу сактагычы 2017-жылы курулган, ага 922 миллион куб метр суу батат.
Кудай сактасын.адамдар эч нерсе болбосо эле болду
Кудай сактасын. Боордош элбиз