Өкмөт: Токтом Казакстандан көчүрүп алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт

1 017

Кыргызстандын Өкмөтү өзгөчө абалды киргизүү боюнча токтомду Казакстандан көчүрүп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Буга чейин соцтармактарда Кыргыз Өкмөтүнүн расмий сайтына илинген маалыматта Казакстан деп ката жазылып калган сүрөт чыккан. Интернет колдонуучулар “Казакстан Республикасы” дегенди, “Кыргызстан Республикасы” деп алмаштырып жазбай калышыптыр деген мазактоо иретинде сындарды айтышкан.

Бирок Өкмөттүн расмий өкүлү маалымат такталбаганын айтып, скриншот телефондогу же компьютердеги автоматтык түрдө котормонун кемчилиги деп түшүндүрдү.

Өкмөттүн сайты эч кандай текстке кийлигишпейт. Ичинде эмне болсо ошону көрсөтөт. Бул көрүнүш телефондон же компьютерден сайттагы текстти которгондон улам келип чыккан. Ар бир телефондун же компьютерлердин настройкаларына биз кийлигише албайбыз да. Настройкадагы котормо деген функциясын өчүрүп коюу керек. Гугл транслейттин катасынан улам кечирим сураганыбыз туура эмес го. Буга чейин да ушундай бир, эки көрүнүш болгон. Өкмөттүн жаңы сайты Кыргызстандагы башкы “айтишник” Дастан Догоев мырзанын, Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов мырзанын командалары аркылуу иштелип чыккан, алар мындайга жол беришпейт. Биздин сайтка маалыматтарды илүүнүн алдында өзгөчө ченемдик укуктук актылар (НПА) боюнча Укуктук экспертиза бөлүмү аркылуу өтөт”,- деген Чыңгыз Эсенгулов маалымат таратууда кесиптештерин тактоого чакырды.

Арыбаңыздар кесиптештер! Барыңыздарды бүгүнкү эмгек майрамы менен куттуктайм. Эмгектенип эле жүрө берели, буйурса…

Опубликовано Чынгызом Эсенгуловым Четверг, 30 апреля 2020 г.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев “жок дегенде токтомду Казакстандан көчүргөнүңөрдү жашырып койбойсуңарбы” деп Өкмөткө сын менен кайрылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь