Ат-Башыда оор жүк ташуучу унаа айыл тургунун өлтүрө сүзүп кетти

4 190

Бүгүн 2-майда болжол менен саат 12:00дөр чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районунда оор жүк ташуучу унаа бир адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү “Элдик медиага” билдирди.

Анын айтымында кырсык акимчиликтин алдындагы бобордук көчөдө катталган. Анда DAF үлгүсүңдөгү жүк ташуучу унаа 60-70 жаштардагы айыл тургунун сүзгөн. Жабырлануучу алган жаратынан улам ошол жерден жан берген.

Жеринде милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы иш алып барууда.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь