ЖМК: Ким Чен Ын узак убакыттан бери биринчи жолу эл алдына чыкты

558

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 20 күнгө жакын убакыттан бери коомчулуктун көзүнө түшпөй калды. Бирок кечээ жума күнү ал расмий иш-чарага барганын ВВС түндүк кореялык басылмаларга шилтеме берип жазды.

Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги ЦТАКтын маалыматында, Ким Чен Ын 1-майда Сунчхон шаарындагы жаңы өндүрүштүк заводдун ачылышын жасады.

Ким Чен Ын 12-апрелден бери эл алдына чыга элек болчу, ал 15-апрелде КЭДР негиздөөчүсү чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүн майрамдоого – Күн майрамына да катышкан жок. Ага чейин түштүк кореялык басылмалар өлкө лидери жүрөгүнөн операция жасатып, оор абалда жатат деген маалымат таратышкан. Ал эми Түштүк Кореянын бийлиги бул ушактарды четке каккан.

ЦТАК жазган маалыматта, Ким Чен Ын бир нече даражалуу кызматтагы чиновниктер анын ичинде карындашы Ким Ё Чжон менен бирге кызыл тасманы кескени айтылат. Окуянын болгонун сүрөттөр менен таратып, бирок эч жерде видео чыккан жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь