Исфанада катуу сел жүрдү. Министрдин орун басары жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти (видео,сүрөт)

4 733

Бүгүн, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:00дө  ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.
Кошумча маалымат берилет.

Исфана шаарында сел жүрдү

Исфана шаарында сел жүрдүБүгүн, 2020-жылдын 2-май күнү саат 18:30дар чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:00дө КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.Кошумча маалымат берилет.КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Опубликовано МЧС Кыргызстана Суббота, 2 мая 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь