1-майда Баткен облусунда эки унаа сүзүшкөн жол кырсык катталды. Окуя Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында болгон. Анда Daewoo Tico унаасынын 41 жаштагы айдоочусу, каршы тилкеде келе жаткан 30 жаштагы жарандын башкаруусундагы Infiniti менен кагышкан.
Жол кырсыктын кесепетинени 41 жаштагы айдоочу жана жанындагы 17 жаштагы жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.