Кыргызстанда коронавирустан бир дарыгер жана бир бейтап каза болду

4 383

2020-жылдын 2-майында Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну.

Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь