Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2-майда Баткен чек арачылары тарабынан аткезчилик жүгү аныкталды.
Баткен районундагы Таш-Тумшук жерлигинен Кыргызстандын жарандары 1998-жылы туулган У.А. жана 1990-жылы туулган Ю.Х. кармалды. Алар Тажикстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылышкан.
VOLVO FH жүк ташуучу унаасын текшерүүгө алганда 20 тонна кургатылган мөмө-жемиш чыккан. Айдоочунун жанында жүккө тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.
Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң жүк жана кармалган жарандар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Машинанын номерин корсотпойсунорбу,же акчп алып койуп жибергени оной болобу.водительди машинаны корсоткуло