Сузакта бир убакта үч аймакка мал базар уюштурулат

336

Сузак районунда бир убакта үч аймакка мал базар уюштурулат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Эрмекбай Омошев билдирди.

“Учурда Сузак районунда мал базарлар ишке кирише элек. 10-майдан тартып, элдин жашоо-тиричилигин эске алып, аларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн бир убакта үч аймакка мал базар уюштуруп берүү пландалды. Бул иш-чара элдин көп топтолушуна жол бербөө максатын көздөйт”, – дейт Эрмекбай Омошев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь