Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 230 500гө чейин жетиши мүмкүн

483

Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусун 72 000ден 230 500гөчейин адам жугузуп алышы ыктымал.

Вирустун өтө оор түрүнө кабылгандардын саны 13 600дөн 43 500гө чейин жетип,  алар жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши мүмкүн деп божомолдонууда.

Аталган долбоор дары-дармексиз оорунун жайылышын алдын алууну сунуштайт: COVID-19 жуктургандар үй шартында обочолонуу, ыктыярдуу үй карантин, бардык калк үчүн социалдык аралык жана аялуу топтор үчүн – 70 жаштан ашкан адамдарга социалдык аралык, мектептерди жана университеттерди жабуу.

Бегилей кетсек, Тажикстан бийлиги коронавирус өлкөдө расмий катталганын 30-апрелде жарыялаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь