Түп районунда мал жайлоого кетүүчү жолду тазалоо иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү бийликтин маалыматында Чаркудук, Жылаңач жана Турук жергесинин 32 участогунда жаз мезгилинде түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иштерди аткарууга Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан 101 миң 300 сом акча каралган. Учурда №4 жол тейлөө ишканасынын 3 даана техникасы иштеп жатат.