Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда“, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин адвокаты Сергей Слесарев Атамбаевдин кан басымы төмөн болуп жатканын айтып, медициналык кароодон толук өтүүгө муктаж экенин билдирген.