Өзбекстандын Жизак облусунун тоолуу Заамин районунда суу каптоонун кесепетинен эки өспүрүм каза болду.
Маалыматка ылайык, 14 жаштагы кыз жана анын 9 жаштагы иниси дүкөндөн үйүнө кайтап келе жатышкан. Ошол кезде Ширин айылында сел жүргөн, сел өспүрүмдөрдү агызып кеткен.
Кыздын сөөгү дарыянын жегинен табылган, ал эми бала эс-учун жоготкон абалда райондук медициналык мекемеге жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, ал көз жумган.
Белгилей кетсек, 1-майда эртең менен Сырдарыя облусундагы Сардобин суу сактагычында дамба жарылган. Ал жактан 70 миңдей адам көчүрүлүп, 56 адам ооруканага жаткырылган.