Балбак Түлөбаев: Бишкекте жардам алган үй-бүлөлөрдүн саны 90 миңге жетти

361

Өзгөчө абал учурунда жарандарга азык-түлүк жеткирүү жана түз байланыш кызматтарын аткаруунун башында турган, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев тишелүү иштер тууралуу маалымат берди.

“2020-жылдын 2-майында Бишкек шаары боюнча 200 миңден ашык жаранга же 90 745 гуманитардык жардам көрсөтүлдү”, – деди Б. Түлөбаев.

Бишкектеги калктын социалдык аярлуу катмарына гумжардам 7 багыт боюнча көргөзүлдү. Алар:

1. КР Өкмөтү тарабынан Матрезервдик фонддон 300 тонна (6000 кап) ун бөлүндү.
2. Кайрымдуулук фонддор 14 миң азык-түлүк топтомун таркатууну пландаштырып жатат, 11 220сы таркатылды. Бир топтомдун суммасы 450-700 сомду түзөт.
3. Жеке ишкерлер жана ири компаниялар 23 миңден ашуун азык-түлүк топтомдорун беришти. Бир топтомдун суммасы 700-1000 сомду түзөт.
4. Шаардык бюджет тарабынан азык-түлүк топтому түрүндө 16 725 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
5. КР өкмөтү тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары Чүй облусу менен Бишкектин чектешкен жериндеги конуштарда жашаган 2800 үй-бүлөгө азык-түлүк топтом жардамы көрсөтүлдү. Ошондой эле 70 тонна ун жана 8,4 тонна кант бөлүндү.
6. Республикалык штаб тарабынан 100 азык-түлүк карзина бөлүнүп берилди.
7. КР өкмөтү 24 млн сом, Матрезерфонду 300 тонна ун жана 90 тонна кант, 30 миң сомду түзгөн азык-түлүк топтому, аларга 10 кг ун жана 3 кг кант кирет. Бир топтомдун суммасы 1200 сомду түздү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь