Бүгүн, 3-майда «Манас» эл аралык аэропортунда Дубай—Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. «Fly Dubai» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргызстандын 180 жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленүүдө, андан соӊ алар обсервацияга жөнөтүлөт.
Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн 10-майда дагы бир каттам уюштуруу алдын ала макулдашылды.
Эскерте кетсек, 26-апрелде дагы БАЭден 178 жаран Кыргызстанга кайтып келишкен.