Чүй облусунун Жайыл районунун куткаруучулары Кара-Балта шаарынын “40-лет Киргизии” көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1951-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маркумдун жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпысынан 3 куткаруучу тартылган.
Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.