Коронавирус Кыргызстанда: Дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева каза болду

697

Кечээ, 2-майда коронавирус инфекциясынын кесепетинен Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жашында көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Жүзүмкан Асановна саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон”, – деди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Жүзүмкан Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Улахол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп, андан кийин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенди.

Саламаттыкты сактоонун отличниги, саламаттыкты сактоо мекемелеринде 30 жылдан ашык иштеген жогорку категориядагы дарыгер. Жүзүмкан Асановнаны жумушунда профессионалдыгын, ал эми үйүндө камкордугун, сабырдуулугун жана ак көңүлдүгүн баалашкан. Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө сакталат.

Жүзүмкан Асановна ак ниеттүүлүк менен жашап, иштеп, өлкөсү үчүн чыныгы дарыгердик жана жарандык милдетин аткарды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, Республикалык штабдын атынан жана Элдик медиа порталы анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь