Бүгүн, 3-майга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Баткен, Ош облустарында катталды. Анын ичинен:
Бишкек ш. – 14;
Ош облусу – 2;
Чуй облусу – 9;
Баткен облусу – 1.
Республика боюнча: 795
Стационарда – 221, алардын ичинен реанимацияда – 4
Ооруканадан чыгарылды – 564;
Каза тапты – 10.