Үстүбүздөгү жылы 4 ай ичинде республика боюнча 733 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 967), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 24,2%га азайды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 7 адам каза таап (2019-жылы 23 адам) жана 10 адам жабыркаган (2019-жылы 24). Ошондой эле өрттөн 17 адам куткарылган. Ал эми материалдык чыгым 117 млн 907 053 сомду түздү. 477 өрт турак жай секторунда катталды.
Өрттөрдүн негизги себептери:
• электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык (42,7%);
• мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу (17, 3%);
• отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (4, 5%);
• балдардын от менен ойноосуу (5%).
Аймактардагы өрттүн саны:
• Бишкек шаарында 128;
• Чүй облусунда 202;
• Ош облусунда 94;
• Жалал-Абад облусунда 88;
• Ысык-Көл облусунда 89;
• Нарын облусунда 32;
• Талас облусунда 32;
• Ош шаарында 19;
• Баткен облусунда 49 өрт катталган.