Лейлек районунда сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө (Фото+Видео)

404

Кечээ, 2-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда жаандын кесепетинен Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн, короо-жайларды, бала-бакчанын жер төлөөсүн каптап кеткен.

Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27 чакырым аралыгын кум шагылга толтурган.

Учурда Лейлек районундагы сел калдыктарынан тазалоо жумуштарына 50дөн ашуун куткаруучу жана 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып тазалоо иш-чаралары жүрүүдө.

Абал министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө. Жеринде министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ иштеп жатат.

Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Опубликовано МЧС Кыргызстана Суббота, 2 мая 2020 г.

Опубликовано МЧС Кыргызстана Суббота, 2 мая 2020 г.

Исфана шаарында сел жүрдү

Исфана шаарында сел жүрдүБүгүн, 2020-жылдын 2-май күнү саат 18:30 чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен, Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:00дө КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнөн кызматкерлери чыгып кеткен.Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.Кошумча маалымат берилет.КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Опубликовано МЧС Кыргызстана Суббота, 2 мая 2020 г.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь