Министрлик: 60%дан жогору вирус жуктурган жарандарда коронавирус симптому жок өтөт

401

Коронавирус жуктуруп алган 60%дан жогору адамдардын симптому жок өтөт. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Анын айтымында, Кыргызстандагы иликтөөлөрдүн негизинде өлкөдө COVID-19 тастылганы менен, бейтаптардын 67%ында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатат. Ошентсе дагы, анализ аркылуу вирус тастыкталган бардык жарандар ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылануу курсунан өтүшөт.

“Симптому билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен, башкаларга жугузушу мүмкүн. Бул абдан кооптуу. Мындан улам, элдин арасында анализ аркылуу тастыкталбаганы менен COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар деп айтууга болот”, – деди З. Нурматов.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь