Ошто 11-майдан тартып троллейбус, автобустардын иши жанданат

304

Бүгүн, 3-май күнү Ош шаарынын экономика тармагы, салык, бюджет, антикризистик программа, өндүрүш ишканаларга уруксат берилиши тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн жыйын берди. Жыйын учурунда 11-майдан тартып уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмеси аталды.

1. Микрофинансылык уюмдар: камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, туристтик агенттиктер;

2. Калкты тейлөө кызматын: электр монтажчылык жана жыгач устачылык иштери, тиричилик-техникаларын оңдоо кызматы,

3. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын соода дүкөндөрү жана базарлар, автотетиктерди сатуучу базарлары, тигүү жана булгаары иштетүү тармактары;

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: Ош шаарынын муниципалдык транспорттору автобус, троллейбустар гана ишке чыгат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь