Тажикстанда коронавирустан 2 адам каза болду

221

Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы 2-майда COVID-19 илдетинен эки адам көз жумганын маалымдады. Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда бүгүнкү күнү коронавирус жуктурган 70 адам катталды.

Дагы 2 миң 782 адам медициналык байкоодо жатса, 217 бейтап текшерүүдөн кийин ооруканадан чыккан.

Ал эми Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта Рахмон аймактык жетекчилерге COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү чараларын жүргүзүү, Саламаттык сактоо министрлиги берген сунуш-талаптарды аткаруу, массалык иш-чараларды тыюу жана эл көп чогулуучу жайларды дезинфекциялоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү буйруганы кабарланган.

Тажик өкмөтү коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн өткөн аптадан тартып элге көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салган. Мектептер эки жумалык карантинге жабылып, футбол беттештери токтотулган.

Эскерте кетсек, 30-апрелде Тажистанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө аныкталган. Анда бул илдет менен 15 жаран жабыркап жатканы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь