Таиланд жана Камбоджадан Кыргызстандын 24 жараны кайтып келди

395

Кечээ, 2-майда Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунда коммерциялык чартердик авиакаттамы менен Таиланд жана Камбоджаден Кыргызстандын 24 жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Кыргызстандыктар Казакстандын авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы менен алгач Чымкент шаарына учуп барышкан. Ал жерден атайын транспорт аркылуу саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда Бишкек шаарына келишти.

Азыркы учурда келген бардык жарандар КРдагы медициналык мекемелердин биринде белгиленген тартипте байкоо жүргүзүүгө (обсервацияга) жайгаштырылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь