Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн аймагында жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу мүмкүн. Эскертүүнү бүгүн, 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырат.