4-майдан баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

2 091

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Мындай чечим бүгүн, 3-майда облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Ыкчам штабтын маалыматына ылайык, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.

Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет. Ошондой эле 14-күндүк үй карантинине алынат.

Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү. Облустук ыкчам штаб бул шарттарга түшүнүү менен кабыл алып өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь