Эртең, 4-майда түнкүсүн жана 5-7-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, 5-7-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
4-7-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.